Вакансиялар
Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы улук тобунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчы кызмат орунунун кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт!1
Акыркы күн 01.10.2025
Квалификациялык талаптар konkurstun-zharyyasy-22_33502.docx
Сынакка катышуу үчүн документтер:
- бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ( контакттык телефон номери,
электрондук почтасын көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 2 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү
менен;
- резюме, сунуш каттары, өмүр баян;
- соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымкаты;
- билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же
илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек
китепчесинин, паспортунун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү
дипломдорунун көчүрмөлөрү;
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришсе болот.
- Талап кылынган стажы- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик
жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы же тийиштүү кесиптик
чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2. Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим: - финансы-экономикалык багыттагы;
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдүү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө”
- “Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”
-“Электрондук башкаруу жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
Менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин;
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамын;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук веб сайтына жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде, б.а. 2025-жылдын 1-октябры күнү саат 17.30 га чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы,
Н.Багышбекова Тел: 0771001775, 0773106726
