Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кербен шаарынын мэриясы улук жана кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” №125 Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгына ылайык, Кербен шаарынын мэриясы улук жана кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт! Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы, Н.Багышбекова Тел: 0771001775, 0773106726